• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 286 изилдөө жүргүзүлдү – Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 286 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 345 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8486га жетти. Алардын ичинен 2983 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 112 адам (+13 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий