• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Баткенде медициналык кызматкер коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-апрелде, Баткен облустук бириктирилген ооруканасында коронавирус жуктурган бир медициналык кызматкер илдеттен айыгып, чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бейтапты дарылаган дарыгердин айтымында, оору жеңил түрдө өткөн.

"Анын абалы канааттандырарлык, кайталанып алынган анализдин жыйынтыгы таза чыккан. Илдеттен айыккан жаран 14 күндүк үй карантинине алынат. Ал жерде медкызматкердин абалын мобилдик топтун дарыгерлери көзөмөлдөйт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Баткен облусунда коронавирус 8 адамда аныкталган. Алардын ичинен 6 жаран оорудан айыкты.

Пикир

Оставить комментарий