• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, Бишкекте бир адам күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы 5 кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатындагы батирде кире бериш бөлмөнүн 5 чарчы метр дубалы, пластик шыбы, линолеум, 2 жыгач эшик күйгөн. 2 адам өрт өчүрүү кызматкерлери тарабынан куткарылган. Үйдүн Ш.К.А. аттуу жашоочусу колу, төшү, бетинен күйүк алган. Ал тез жардам кызматы тарабынан күйүк бөлүмүнө жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайынды шаарында жайгашкан үйдүн аянты 8 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында унаа тетиктерин саткан “ДЭУ” аталышындагы дүкөндүн аянты 25 чарчы метр жер төлөөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий