• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Сузакта ички иштер органдарынын ардагерлерине медалдар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Сузак районунун аймагында жашаган ички иштер органдарынын 2 ардагерине КР ИИМнин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалдары тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар милициянын отставкадагы улук лейтенанты Аманбай Мурзакимов жана милициянын отставкадагы старшинасы Парпибай Рахманалиевдер.

70 жашка толгон ардагерлерге юбилейлик медалдарды Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков, Сузак РИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы майору Сүйөркул Бакировдор тапшырды.

Сыйлык ээлерин куттуктап, бекем ден соолукта болуусун, дөөлөттү карылыктын доорун сүрүп, уул-кыздын сый-урматында жүрүүлөрүн тилешти.

Ошондой эле алардын мазмундуу басып өткөн жолдору айтылып, милицияда топтогон тажрыйбасын жаш кызматкерлер менен бөлүшүү керектиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий