• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Сузакта Lexus бакты сүзүп, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун 27-чакырымында (Октябрь айылы) Lexus 430 унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сузак районундагы кырсыктын кесепетинен унаа оодарылып, 46 жаштагы К.К. аттуу эркек жана 34 жаштагы Т.М. аттуу аял киши жаракат алышкан.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандарды тез жардам кызматы облустук ооруканага алып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий