• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түркияда банкта кишилерди барымтага алган кыргызстандык эмес, өзбек жараны болгон

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Түркияда банкта кишилерди барымтага алган өзбекстандык болгон. Бул тууралуу haberler.com порталы жазат.

Эскерте кетсек буга чейин haberler.com банкта кишилерди барымтага алган Кыргызстандын жараны экенин жазган.

haberler.com жазгандай, Түркиянын Анталия шаарында бир адам банктын бөлүмүнө тапанча (айрым ММКлар жазгандай анын колунда оюнчук тапанча болгон) менен кирип, мекеменин күзөтчүлөрүн жана чайчыны барымтага алган.

Куралчан адамды кармоо үчүн полиция кызматынын кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөтүлгөн.

Полиция кызматкерлери ал менен узак сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ыктыяры менен колго түшүүгө көндүрүшкөн. Андан соң аны полиция бөлүмүнө алып кетишкен.

Кармалган адамдын айтымында, банк аны алдап кеткендиктен ал бул ишке барган.

Пикир

Оставить комментарий