• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түркиядагы элчилик 24-апрелде "Стамбул-Бишкек" каттамы менен келе турган кыргызстандыктарга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. 24-апрелге "Стамбул-Бишкек" багыты боюнча чартердик каттам уюштуруу пландалууда. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги аталган каттам боюнча келе турган жарандардын тизмесин түзгөн жана элчилик ал тизме боюнча келе турган жарандарга кайрылат.

"Бул жарыяга тиркелген тизме Түркиянын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Түркиянын жергиликтүү бийликтерине кыргыз жарандарына шаар ичинде жана шаарлар арасында, ошондой эле Стамбул шаарындагы аэропортко жетип алууга уруксат алуу үчүн 20-апрелде жиберилген. Мындан тышкары, элчилик жергиликтүү бийликтердин дарегине да тизмелерди өзүнчө жибергенин белгилейбиз. Бүгүн тизмелер боюнча түрк тарабынын уруксаты алынды. Бирок шартка байланыштуу жарандар өздөрүн тиркелген тизмеден таап, өздөрү жашаган жергиликтүү бийликтерге (Каймакамлык жана Валилик) кайрылып, уруксат алууcун суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Элчиликтен белгилешкендей, тизмеге 20-апрелге чейин элчиликке катталган жарандар кирген.

"Тизмеде 451 жараныбыз бар, дипломаттар ар бир жаран менен байланышууда. Бирок ар кандай шарт менен уча албайм деген мекендештерибиз болсо, кабар берүүңүздөрдү өтүнөбүз, себеби мекениме кайтам деген жарандарыбыз арбын", - деп билдирет элчилик.

Элчиликтен билдиришкендей, Анкара, Конья, Адана, Кастамону, Трабзон, Кайсери, Карабүк, Кыршехир, Невшехир, Бурдур, Афйон, Денизли, Ыспарта, Сакарья шаарларындагы жарандарга уруксат алуу үчүн кошумча талаптарды жана автоунааны уюштурууга жардамды Анкарадагы элчилик, ал эми Анталья, Измир, Бурса, Бодрум, Кыркларели, Маниса шаарларындагы жарандар үчүн Стамбулдагы Башкы консулдук жардам берди.

"Автоунаанын кызматы үчүн акы төлөнөрүн белгилейбиз. Уруксатты алып, кетүүгө даяр болгон жарандарга мүмкүнчүлүктөрү болсо, өздөрүнүн аймактарынан Стамбул шаарынын аэропортуна өз унаасы менен бара берүүнү сунуштайбыз", - деп билдирет элчилик.

Учак Эл аралык Стамбул аэропортунан учат.

Пикир

Оставить комментарий