• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түркиянын «Анадолу» агенттиги менен кыргызстандык ЖМКлардын кызматташуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев «Анадолу» маалымат агенттигинин башкармалыгынын төрагасы жана башкы директору Сердар Карагөз менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Анадолу» Түркиянын алдыңкы маалымат агенттиги гана эмес, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө 40тан ашуун өкүлчүлүгү бар дүйнөдөгү эң ири маалымат агентиги экендигин эске алып, жолугушуу учурунда Кыргызстан жана анын экономикалык, инвестициялык жана туризм чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы, ошондой эле өткөрүлүп жаткан маданий иш-чаралар тууралуу маалыматтарды жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде чагылдыруу үчүн аларды жайылтуу боюнча келишимге жетишилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө агенттик өзүнүн тарыхы, ишмердүүлүгү, өндүргөн продукциясы, ишке ашырылып жаткан долбоорлору жана пландары жөнүндө кыскача презентация жасады.

Тараптар ошондой эле «Анадолу» жаңылыктар академиясынын тренингдеринин жана билим берүү программаларынын алкагында агенттик менен кыргызстандык ММК өкүлдөрүнүн кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий