• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бүгүн шайлоого байланыштуу 6 кылмыш иши катталды — ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 11-июлда, саат 13:00гө карата шайлоого байланыштуу жалпы 40 маалымат келип түштү. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 32, Ошто 2, Токмокто 6 маалымат келген.

“40тын ичинен алтоо кылмыш, экөө жорук катары катталды. Кылмыш иштери Бишкек шаарында аныкталган. Калганы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө”, - дейт ал.

Тергөө бөлүмүнүн башчысы 10-июлга чейин 59, анын ичинен Бишкекте 18, Ошто 19, Токмокто 22 факты катталганын маалымдады.

“Алардын ичинен 23ү кылмыш, 9у жорук. Ошондой эле Ош шаарында 6 адамга шектүү катары кабарлама берилди. Анын үчөө талапкер болсо, үчөө партиянын өкүлү. Бишкекте дагы партиянын эки өкүлүнө кабарлама берилди”, - деди Макилов.

Эскерте кетсек, бүгүн, 11-июлда, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий