• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Төрт жылда 6717 кытайлык жаран Кыргызстанда жүрүү тартибин бузган

Коом 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Төрт жыл аралыгында 6 миң 717 кытайлык жаран Кыргызстанда жүрүү тартибин бузган. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндөгү маалымат жыйыны маалында билдирди.

Анын айтымында, чет элдиктер Кыргызстандын аймагында жүрүүнүн тартибин бузган ар кандай учурлар катталып турат. Бул абалды Ички иштер министрлиги көзөмөлдөйт.

"Кытайдын жарандарына байланыштуу айтсак, 6 миңден ашык адамга 67 млн. 170 миң сом айып пул салынган. 2014-2018-жылдар аралыгында Кытайдын 139 жараны өлкөбүздөн чыгарылган", - деди Боронов.

Миграция кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдик инсандардын 70 пайызы – Кытайдын жарандары.

Пикир

Оставить комментарий