• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Талас облусунун 5 ооруканасына 44 млн сомдук медициналык жабдыктар сатып алынат - Мураталиев

Аймак 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Талас облусунун 5 ооруканасына 44 млн сомдук медициналык жабдыктар сатып алынат. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, Көк-Ой айылында даядалып жаткан оорукананын оңдоо иштери 15-сентябрга чейин аяктайт.

"Ал 160 орундук оорукана. Аны 300 орунга чейин көбөйтөлү деп жатабыз", - деп, ал оорукана үчүн медициналык жабдыктар "Бакубат Талас" фонду аркылуу алына турганын билдирди.

Ал белгилегендей, Көк-Ойдогу оорукана үчүн 30 млн сомдук медициналык жабдыктын тизмеси түзүлүп, ал тизме фондго жөнөтүлгөн. Андан тышкары 4 райондук оорукана үчүн да керектүү жабдыктар фонд аркылуу сатып алынмакчы. Жалпы 5 оорукананын медициналык жабдыктарына 44 млн сом кетери пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий