• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Тажикстанда өз өмүрүнө кол салган министр жумуштан алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода ээлеген кызматынан бошотулду. Президент 31-августта кол койгон жарлыкта аткаминер пенсияга чыккандыгына байланыштуу кызматтан алынганы жазылган.

Президенттин башка жарлыгы менен Транспорт министрлигинин башчылыгына Азим Иброхимов дайындалды. Ал буга чейин вице-премьер кызматында иштеп келген.

Расмий маалыматтарга ылайык, 62 жаштагы Худоёр Худоёрзода 11-августта үй-бүлөлүк жаңжалдан улам бычак менен өз өмүрүнө кол салып, аны жакындары сактап калышкан. "Истиклол" медициналык борборунун дарыгерлеринин бири анын ичине эки жолу бычак сайылганын айткан.

Худоёр Худоёрзода Транспорт министрлигин 2017-жылдан бери башкарып келген. Ага чейин Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун мажлис депутаты, Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын мүчөсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий