• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тажикстандын кол салуусу. Башкы прокурор козголгон кылмыш ишинин жүрүшүнө токтолду

Коом 0

Бишкек, 31.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын учурунда Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин жүрүшүнө токтолду.

Анын айтымында, кылмыш ишинин алкагында тергөө тобу түзүлгөн.

“Аскер прокуратурасы бүгүнкү күндө тергеп жатат. Бизге мүмкүн болгон тиешелүү жарандар суралган. Бирок күнөөлүү тарап башка өлкөнүн жарандары болгондуктан жоопко тартууда чоң маселе жаратат. Андыктан мен ушул жооп менен гана чектелем”, - деди Зулушев.

Башкы прокурор чек ара маселесинде көп нерсе ачыкталбай турганын маалымдады.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусуна байланыштуу “Тынчтыкка каршы кылмыш” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий