• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Тажикстандын куралдуу кол салуусу. Жабыркагандардын саны 198 адамга жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрь саат 15:00гө карата Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 26 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү.

Белгиленгендей, ооруканаларда жалпысынан 172 адам дарылануусун улантууда. Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 68 адам дарыланып жатат, ал эми 104 адам Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду:

1. Улуттук госпитал – 75 жабырлануучу;

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;

4. Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;

5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;

"Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан 59 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий