• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Транспорт министрлиги аймактарда аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол оңдоо иштери боюнча аймактарда аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бир эле учурда аймактардагы бир нече автоунаа жолдорунда оңдоп-түзөө, асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Алсак:

• Бөкөнбаев – Көл-Төр – Дөң-Талаа унаа жолунун 45-46-чакырым аралыгында суу өтүүчү түтүктөрдү алмаштыруу иштери жүрүүдө;
• Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы жол элементтери акталып, сырдалып, тазаланууда;
• Мырзаке – Кара-Шоро жолунун 23-24-чакырым аралыгында асфальт басууга даярдык, ал эми аталган жолдун 18-чакырымында эски асфальтты сыйруу иштери жүрүүдө;
• Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 23-25-чакырымында жаралган аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүп жатса, 70-75-чакырымы автогрейдер менен тегизделүүдө;
• Нарын шаарынын ички көчөлөрүнө асфальт-бетон катмарын төшөө иштери кызуу жүрүүдө;
• Ош – Баткен – Раззаков (жаңы багыты) унаа жолундагы жол элементтерин актап, сырдоо, ал эми Ош – Баткен – Раззаков (эски багыты) жолунда эски асфальтты сыйруу жана жол четин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө;
• Ошондой эле Самаркандек – Мадиген – Жети-Таш унаа жолун куруу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий