• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Турак жайлардын жана имараттардын чатырлары учту — Нарында болгон шамалдын кесепети. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда катуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы (ӨКМ) билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 8-апрелде болжол менен саат 20:00-23:50 чамасында Нарын облусунун аймагында катуу шамал болуп, Ат-Башы районунун аймагында шамалдын ылдамдыгы секундасына 23-25 метрге чейин жеткен.

"Шамал калктуу конуштардагы турак жайлардын жана административдик имараттардын чатырларын учуруп кеткен. 9-апрель саат 17:00гө карата Нарын облусундагы 7 айыл өкмөттө тактоо иштери жүргүзүлдү. Алдын ала маалымат боюнча, 18 турак жайдын 394 чарчы метр чатырчасы, ошондой эле чарбалык курулуштардын 293 чарчы метр аянттагы чатырча жабуусу жараксыз абалга келгендиги маалым болду. Комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгында келтирилген чыгымдар аныкталып, кошумча маалымдалат", - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий