• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Камчыбек Ташиев барымтада деген маалымат жалган

Коом 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун аймагында кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү органдардын жана күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоону улантууда. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүдө социалдык тармактардагы УКМКнын башчысы барымтага алынды, кол алдында иштеген адамдар аны 16-сентябрдан бери көрүшкөн эмес деген маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгы айтылат.

"Ал кечээ, 16-сентябрда кечинде Баткен облустук штабында түз эфирде акыркы кырдаал боюнча маек берген. Ага жалпы коомчулук күбө болгон", - деп айтылат маалыматта.

УКМК Кыргызстандагы кырдаалды туруксуздаштырууга, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузууга кызыкдар тышкы күчтөр тарабынан жигердүү таркатылып жаткан ар кандай жалган жана туура эмес маалыматтарга ишенбөөнү суранат.

Пикир

Оставить комментарий