• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

УКМК: Коррупцияга шектелип Кара-Суу районунун ЖӨБ органынын өкүлдөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө Нариман айыл округунун башчысы “Н.Х.”, анын шериги “М.С.”, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу “Б.Б.” кармалды.

Кармалгандар жеке кызыкчылык максаттарын көздөп, Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну узак убакыт бою жүргүзүп келишкендиги аныкталган.

2021-жылдын 30-сентябрында бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий