• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

УКМК улуттук коопсуздук кызматкерлеринин президентке кайрылуусун жалган деп атады

Коом 0

Бишкек, 09. 03.21. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин атынан президентке социалдык тармактарда тараган кайрылуу чындыкка дал келбейт жана жалган болуп саналат.

Комитеттен билдиришкендей, мындай билдирүүлөр чагымчылдар жана кызыктар адамдар тарабынан акыркы мезгилде коррупциялык көрүнүштөр, пара алууга бөгөт коюу, бюджеттик каражатты уурдоо, ар түрдүү товарлардын аткезчилик жол менен ташылуусуyн алдын алуу боюнча иштерди күчөткөн атайын кызматтын ишмердүүлүгүн жаманатты кылуу максатында жасалууда.

Мындан тышкары, комитеттен КР УКМКнын алдыдагы шайлоо жараяндарына кийлигишүүсү жөнүндөгү билдирүү да одоно жалган экендигин кошумчалады. Дал ушул УКМК өздөрүнүн ыйгарым укугунун алкагында алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бийлик тарабынан ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана саясий атаандаштыкты камсыздоо максатында саясий, административдик жана башка ресурстарды тигил же бул саясий партиянын өкүлүнүн пайдасына колдонууга жол бербөө боюнча иштеп жатат.

Өз кезегинде УКМК шайлоо процесстерине мыйзамсыз кийлигишүү эмнелер менен коштолгонун 2020-жылы октябрда өткөн КРнын ЖК шайлоосунун мисалында эскертип коюу зарыл деп эсептейт.

“Бүгүнкү күндө УКМК органдарындагы моралдык0согуштук дух жана психиологиялык абал бирдиктүү бойдон калууда, ал коомчулукка жана мамлекетке карата алдыдагы заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга татыктцц жооп кайтарууга мүмкүндүк берет. УКМК КРнын Конституциясын жетекчиликке алат жана мызам ченемдерин так сактайт. УКМК кызматкеринин атынан таратылган деп айтылган жалган маалымат – бул күчтөрдү жана каражаттарды, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын убактысын мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун негизги милдетинен алыстатуу аракеттеринин элементтеринин бири”,-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий