• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Унаага ачкычын таштап, 5 мүнөткө кеткен жаран унаасыз калды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Бишкек тургунунун ачык калган унаасын айдап кеткен.

Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, Свердлов райондук ИИБге 24 жаштагы шаар тургуну, 21-мартта саат болжол менен 21:00 чамасында белгисиз бирөө “Ак-Тилек” конушундагы үйүнүн короосунда турган унаасын айдап кеткендигин айтып кайрылган.

Арыз ээсинин айтымында, ал ачкычын унаанын ичине калтырып, 5 мүнөткө үйүнө кирип кеткен. Кайра чыгып, «Honda Fit» маркасындагы унаасын таппай калган.

Ыкчам-издөө чараларынын жүрүшүндө Свердлов райондук ИИБдин кылмыш издөө кызматкерлери Бишкек шаарынын 42 жаштагы М.Р. аттуу тургунунун кармаган.

Свердлов райондук ИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан КР ККнын 172-беренесине (унаа же башка транспорттук каражаттарга мыйзамсыз түрдө ээ болуу) ылайык кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий