• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Улуттук гопиталдагы оңдоо иштери менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 14-апрелде Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Улуттук госпиталдын жетекчилиги 2017-жылдын 20-январынан баштап, убактылуу токтотулган оңдоо иштери башталгандыгын билдирди. Бүгүнкү күндө госпиталдагы үч бөлүмдүн оңдоо иштери толук аяктады.

Терапиялык корпустун оңдоо иштери 70% бүткөрүлдү, толугу менен 2017-жылдын июнь айында ишке берилет. Мындан сырткары апрель айынын аягында 60 орунга ылайыкталган № Неврология бөлүмү курула баштайт. Аталган бөлүмдү ишке киргизүү үчүн атайын комиссия иштейт. Аны менен бирге нейрохирургия №1 жана №2, нейротравма №1 жана №2, гастроэнтерология, эндокринология жана реанимация бөлүмдөрүндө, электро монтаждык жумуштар жана ысык, муздак суу киргизүү иштери уланууда.

Вице-премьер-министр аталган объектин курулушу Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө экенин билдирди. Буга байланыштуу бардык оңдоо иштерине байланышкан жумуштар ыкчам тартипте бүткөрүлүп, ортомчулар түзүлгөн келишимди убагында аткарып, баштаган ишин аягына чыгарышы керектигин да кошумчалады.

«Ондоо иштерин убагында бүткөрүү менен катар, биз анын мыкты сапатын да көрүшүбүз керек. Бардыгы госпиталдын тезирээк иштеп, бейтаптарды кабыл алышын күтүп жатышат», – деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова госпиталда иштеген кызматкерлерге жана андагы дарылана турган бейтаптарга максималдуу түрдө жагымдуу шарттар түзүлүшү керектигине басым жасады.

Пикир

Оставить комментарий