• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көл районунун акими жана милиция жетекчилиги калк менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов жана райондук милициянын башчысы Жумгалбек Абиев милициянын көчмө кабылдамасы менен аймакты кыдырып, жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дем алыш күндөрү алар Тору-Айгыр, Кызыл-Өрүк жана Сары-Камыш айылдары кирген, 6 миңге жакын калк жашаган Тору-Айгыр айыл аймагынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык жана укуктук тартип маселелери талкууланды. Бардык кызыккан суроолорго К.Жумадылов жана Ж.Абиев жооп беришти.

Мындан тышкары, жарандардын арыздары кабыл алынып, алар белгиленген мөөнөттө чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга берилди.

Пикир

Оставить комментарий