• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө “Глобус”, “Фрунзе” дүкөндөрүндө желим баштыктар кагазга алмаштырылат

Аймак 0

Бишкек, 14.06.23. /Нурзат Жумалиева — Кабар/. Ысык-Көлдө “Глобус” жана “Фрунзе” соода түйүндөрүндө желим баштыктар кагаз баштыктарга алмаштырылат.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкендей, ведомствонун башчысы Айбек Мамыралиев “Глобус” жана “Фрунзе” соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-жылдын 21-июнунан баштап күчүнө кирген жарлыктын 1-1-пунктунда белгиленген “Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган баштыктарды колдонууга жана сатууга тыюу салуу” боюнча талкуу жүргүзүлдү.

Соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү жарлыктын талаптарын колдоп, полимер пленкасынан жасалган баштыктарды кагаз жана чүпүрөк баштыктарга алмаштыруу боюнча иш-аракеттер жүрүп жатканын билдиришти.

Өз кезегинде, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы А.Ахмеджанова тарабынан кагаз баштыктарды чыгарган ишканалар жана алардын продукциясынын баалары тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий