• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өзгөндө милициянын таяныч пункту ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагында күн мурун милициянын жаңы таяныч пункту ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) билдиришти.

Имараттын курулушу 2023-жылдын августунда башталып, ИИМ тарабынан каржыланган. Таяныч пункту төрт бөлмөдөн турат, анын ичинен бир канаасы иш бөлмө болуп, калганы жашоо шартка пайдаланууга ырасталган. Таза суу киргизилип, жылытуу шарттары каралган.

Бул аймак район борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашып, тоолуу айылдардын катарын толуктайт. Жаңы ачылган милициянын таяныч пункту 7 айылды тейлейт.

Имараттын ачылышына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Джоробеков, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аксакалдары, ардагерлер жана Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы катышты.

Пикир

Оставить комментарий