• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖКККББ: Жол эрежесин одоно бузган автобустун айдоочусуна 15 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Бишкекте жол эрежесин одоно бузган №212 автобустун айдоочусуна 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Белгилей кетсек, карама-каршы тилкеге чыгып, жол эрежесин одоно бузган коомдук унаанын айдоочусунун видеого социалдык желеде тараган.

"Каршы тилкеге чыгуу менен, кооптуу абал жараткан айдоочуга Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 15 миң сом айып салынды", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми айдоочусу андан ары каттамда иштейби же жокпу азыркы учурда Бишкек мэриясы тартиптик коммиссияда карап жатат

Пикир

Оставить комментарий