• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Өзгөндө жер көчкүнүн алдында калгандардын аты-жөнү аныкталды (тизме)

Кырсык 0

Бишкек, 26-март /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылындагы жер көчкүнүн алдында калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала алган маалымат боюнча, көчкү алдында калган жарандардын тизмеси: (маалымат такталгандан кийин жарандардын аты-жөнү өзгөрүлүүсү мүмкүн).

1. Эгемкулов Өмүрзак Амиракулович 1988-жылы туулган (үй ээси);

2.Сулайманова Гүлайим 1989-жылы туулган (аялы);

3.Амиракулова Аксана 2010-жылы туулган (кызы);

4.Амиракулова Айгерим 2011-жылы туулган (кызы);

5.Амиракулов Жыргал 2013-жылы туулган (уулу);

6.Амиракулова Раяна 2015-жылы туулган (кызы).

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 26-мартында Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай айылындагы Топ-Жангак участкасында узундугу болжол менен 800метр, бийиктиги 4-15метр чейин жер 120метр аралыкка чейин сүрүлүп түшүп, 1 турак-жайды 6 адамы менен (үй ээси, аялы жана 4 баласын) басып калган.

Өзгөчө кырдаал катталган жерге саат 07:50дө КР ӨКМнин Өзгөн райондук өрткө каршы куткаруу кызматынан куткаруучулары, медицина кызматынан 2 (эки)дарыгер, 1(бир) фелдшер, инженердик кызматынан 3(үч) кызматкер, РИИБнөн 1(бир) кызматкери менен КР ӨКМнин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы улук лейтенант Н.Кулмаматов жерине барышкан.

Ошондой эле саат 08:30да КРӨКМнин Ош облустук боюнчабашкармалыгынынбашчысы майор Д.Каримов, КР ӨКМнин Мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы А.Козубаев, КР ӨКМнинРеспубликалык өзүнчө куткаруу отрядынын 35 (отуз беш) куткаруучу жеринде куткаруу иш-чараларын жүргүзүүгө барышкан.

Азыркы учурда жер көчкүнүн абалы суюк ылай болгондуктан куткаруу иш-чаралары баштала элек.

Андан сыркары саат 10:20да КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан көчмө башкаруу пункту (ППУ)подполковник А. Рыскелдиев жетектегеныкчам топ жана кырдаалды жеринен маалыматты чагылдырып, берип туруу үчүн чыгышып жолдо бара жатышат.

Өзгөн районунун борборунан Топ-Жаңгак участкасына чейин 31 чакырымды түзөт анын ичинен 5 чакырым аралыкка унаа бара албагандыктан жөөже атчан баруу керек.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий