• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жайында Бишкекке Google, Facebook, Apple, LinkedIn адистери келишет

Коом 0


Бишкек, 3-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. Июнда Google, Facebook, Apple, LinkedIn 15 адиси, ошондой эле өз IT-компанияларын түзүүчүлөр АКШнын Силикон өрөөнүнөн Бишкекке келишет. Бул тууралуу социалдык тармактардагы баракчасында Google компаниясында иштеген Тилек Мамутов жазып чыкты.

Анын айтымында, адистер Кыргызстанда жаңы баштаган ишкерлер үчүн тренингдерди өтүшөт. “Менимче, бул мүмкүнчүлүктү натыйжалуу пайдаланып, IT тармагындагы ишкерлик боюнча билим алуу керек. Бул жагымдуу жаңылыкты досторуңар менен бөлүшүнүү кеңеш кылам”, - деп жазган Т.Мамутов.

Тренингдер 19-23-июнда өтөт.

Семинарларды өткөрүүнүн максаты жаңы баштаган ишкерлерге бизнес-план түзүүнү, ишкерлигин өнүктүрүп, инвесторлорду тартууну үйрөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий