• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда 17 окуучуга президенттин белеги тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда17 окуучуга президенттин белеги тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунан жаңы жылга карата өлкө башчысына жалпы 17 окуучу кат жазган. Алардын каалоолорун орундатып, президент тарабынан атайын белектер жиберилди. Алар район-шаарларда жергиликтүү бийлик жетекчилери тарабынан өз ээлерине жеткирилди.

"Бүгүн президентинин өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун 6-класстагы окуучусу Мээрим Анварбековага президент тарабынан жиберилген уюлдук телефон жана башка белектерди тапшырды. Ыйгарым укуктуу өкүл окуучуну куттуктап, ийгиликтерди каалады", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл КР президентинин балаты майрамына Жалал-Абад облусунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ата-энесинен ажыраган, Жалал-Абад балдар психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинен, “Ак-Жол” балдар үчүн реабилитациялык борборунан жалпы 42 бала катышкан.

Пикир

Оставить комментарий