• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Сариев ишкерлер менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Ош облусунун ишкерлери менен жолугушту.

Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, Ош облусунда өткөн жыйынга эки жүздөн ашык ишкер катышты. Тараптар актуалдуу маселелерди жана ишкерлердин башкы маселелерин кызуу талкуулашты.

Биснесмендер салык реформасы көптөгөн түшүнбөстүктөрдү жана кыйынчылыктарды жаратып жатканын белгилешти. Процедураны жөнөкөйлөтүү боюнча пикирлер айтылды. Ошол эле учурда ишкерлер салыктарды төлөө жана салыктын ачык-айкындуулугун, ошондой эле өкмөттүн салык төлөбөгөндөрдү көмүскөдөн чыгаруу аракетин түшүнүү менен кабыл аларын билдиришти.

Сариев ишкерлерге Соода-өнөр жай палатасынын иши тууралуу, анын негизги функцияларын жана мүмкүнчүлүктөрүн айтып берди. Темир Сариев жергиликтүү ишкерлерди ассоциация түзүп, Соода-өнөр жай палатасына кирүүгө, азыркы мүчөлөрдү дагы активдүү болууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Соода-өнөр жай палатасы менен тыгыз кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий