• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 5 кг баңги заты менен 33 жаштагы жаран кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 09.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда милиция кызматкерлери 5 кг баңги заты менен бир кишини кармашкан.

ИИМдин басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, шектүү 6-октябрда ыкчам-иликтөө иш аракеттеринин жүрүшүндө колго түшкөн. Текшерүү учурунда 33 жаштагы Токтогул районунун жашоочусунан ичинде баңги заты бар 10 бөтөлкө табылган.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш иши козголгон.

Иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий