• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 23-июнда саат 10:05те катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Базар-Коргон районунун Арсланбаб, Үч-Булак, Жай-Терек айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий