• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы балдар үйлөрүнө китептер белекке берилди

Аймак 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы балдар үйлөрүнө китептер белекке берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэриянын колдоосу менен "Китепкөй Жалал-Абад" жана "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун өкүлдөрү бир нече китептин автору, "Жамгыр" басма үйүнүн негиздөөчүсү Мамбетасан Ибраев менен биргеликте шаардагы "Ак жол" балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборуна, "Ак- Бермет" үй-бүлө тибиндеги балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдарга китептерди белекке беришти.

Мамбетасан Ибраев балдардан кабар алып, аларды китеп окууга чакырып, келечекте билим менен дүйнөнү багындырууга болорун белгиледи.

Ушул эле саамалыкка улай өлкө башчысы Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө»жарлыгына ылайык, Мамбетасан Ибраевдин “Жаңы күч” көркөм тасмасы "Барпы" атындагы драмтеатрда көрсөтүлдү.

Жаштарга тарбия берүүчү көркөм тасманын бет ачарына Жалал-Абад вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова да катышып, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал жаштарга арналган мындай иш-чараларды уюштурууга шаар бийлиги ар дайым колдоо көрсөтө турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий