• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында аярлуу катмардагы балдарга белектер берилди

Аймак 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында аярлуу катмардагы балдарга белектер берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесиндеги ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова , Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова барды.

Алар эмгек жамаатты жана балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, 120 балага жаңы жылдык белек беришти.

Быйыл Жалал-Абад шаарындагы 26 окуучуга КР президенти Садыр Жапаровдун, 500дөн ашык балага жергиликтүү бийлик тарабынан жаңы жылдык белектер даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий