• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда катуу шамал катталып, имараттардын чатырларын учуруп кетти

Аймак 0

Бишкек, 20.06.23./Кабар/. Кечээ, 19-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районуда 21:30 чамасында секундасына 14-19 метрге жеткен катуу шамал катталып, имараттардын чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак, Кербен шаарынан Курулуш айылында 1 турак үйдүн чатырын жана Коргон айылында 1 сарайдын чатырын учурган. Бүгүн жерине Жарандык коргонуу комиссиясы жана Аксы райондук №70 ӨКБдан 4 куткаруучу жеринде иш алып барууда.

Мындан сырткары, Сузак районунун Таш-Булак а/а Ынтымак айылында жайгашкан Улуттук спорт борбору дирекциясынын Тел-Тору ат майданынын элдер отруучу чатырчасын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган мацданда Жарандык коргоону комиссиясы тартылып иштеп жатышат

Ошондой эле Кара-Көл шаарынын аймагында саат 02:30 чамасында шамалдын кесепетинен Кыргыз телеком ишканасынын, Т. Сатылганов атындагы №1 орто мектебинин спорт сарайынын чатырын, №89 Кесиптик лицейдин чатырын, РЭТтин гаражынын чатырын учуруп кеткендигитууралуу маалымат түшкөн. Жерине Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий