• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда милиция дайынсыз жоголгон 19 жаштагы Дилфузаны издөөдө

Аймак 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургуну 2005-жылы туулган Юлдашева Дилфуза Сайдуллаевна изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Дилфуза үстүбүздөгү жылдын 23-январында болжол менен таңкы саат 05:00дө үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери — бою 155-160 см, кашы-көзү, чачы кара түстө, сары жүздүү, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери — үстүндө ак жемпир, бутунда көгүш түстөгү бут кийим, калган кийимдери белгисиз.

Дилфуза Юлдашева тууралуу кандайдыр бир маалыматы барлар төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кабар берсе болот: 102, (03748) 5 02 09, 0995 77 02 12, 0771 77 02 12.

Пикир

Оставить комментарий