• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абадда радио жана телевидение кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-декабрь–Кыргызстанда радио жана телевидение кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев бир катар журналисттерге Ардак грамоталарды тапшырып, майрам менен куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкүл Сыргабаев облуста болуп жаткан окуяларды, калктын жашоо турмушун ачык-айкын жалпыга маалымдап, өсүп-өнүгүүсүндө тармактын кызматкерлеринин салымы чоң экенин белгиледи.

Күн сайын жаңылануулар менен коштолуп турган бүгүнкү коомдо маалымат алмашуу булактары көбөйгөнү менен радио жана телевидение өз ордун жоготпой, угарман жана көрүүчүлөрү үчүн пайдалуу, такталган, кабарларды жеткирүүгө аракеттенип келе жатканын айтып, ден соолук жана чыгармачылык ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий