• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жалал-Абадда унаа сайга түшүп кетип, айдоочусу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда жол кырсыгы катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 55-чакырымында Audi-100 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып жолдон чыгып, сайга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 1985-жылы туулган Э.А. аттуу айдоочусу каза болгон.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий