• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖАМУнун медфакультетинин деканы чет элдиктерге жасалма дипломдорду саткан

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.23./Кабар/. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) медицина факультетинин деканы чет элдиктерге жасалма дипломдорду саткан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ж.М.Б. 2017-2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы кызматын аркалап турган убагында 12 миң долларга Ирактын эки жаранына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөндүгү тууралуу диплом жасап бергени аныкталды.

Учурда башка ушул сыяктуу фактылар, ошондой эле жасалма диплом жасоого тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий