• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жарандар документтерди алуу үчүн бир мекемеден экинчисине барбашы керек - премьер-министр

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Жарандар маалымкат жана документтерди алуу үчүн бир мекемеден экинчисине барбашы керек. Бул тууралуу “Түндүк” системасы: жетишкендиктери жана келечеги” аталышындагы конференцияда Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ал КРнын өкмөтү эффективдүү, ачык, коррупциясыз башкарууга негизделген маалыматтык коомду өнүктүрүүгө таянарын билдирди.

“Бул жарандар технологияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга активдүү катышканда гана мүмкүн болот. Мамлекеттик башкаруу системасы заманбап технологияларды колдонуунун негизинде коомчулук менен активдүү түрдө өз ара аракеттениши керек. Электондук өкмөттүн компоненттерин этап менен киргизүү мамлекеттик аппараттын эффективдүүлүгүнө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жакшырышына, жоопкерчиликтин күчөшүнө жана адам потенциалынын жогорулашына алып келет”, - деди ал.

Өкмөт башчы Кыргызстан “Ачык өкмөт” системасына кошулган Борбордук Азиядагы биринчи өлкө экенин эскертти.

“Бул деген биз мамлекеттик башкарууну күчөтүү үчүн ачыктыкты камсыздоо, даяр технологияларды колдонуу жолуна түшкөнүбүздү билдирет. Электрондук башкаруу – бул маалыматка, ачык маалыматтардын саясатына кеңири жеткиликтүүлүк. Алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, ар бир өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн саны жана сапаты боюнча, алардын жеткиликтүүлүк даражасы жана калктын ар кандай топтору тарабынан колдонулушу боюнча маанилүү факторлорго байланыштуу. Биз эл аралык өнөктөштөрүбүзгө башкаруунун элементтерин киргизүүгө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазыбыз”, - деп кошумчалады Абылгазиев.

Премьер-министр учурда КРга “Түндүк” системасы – жарандарга электрондук төлөмдөр системасында кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү платформасы киргизилгенин маалымдады..

“Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасы түзүлүп жатат. Учурда электрондук патент, эсеп фактуралары, салык төлөөчүлөрдүн виртуалдык кампасын киргизүү боюнча активдүү кадамдар ташталып жатат. Бул алдыда жашоону жеңилдетет. Жарандар документ же маалымкат алуу үчүн бир мекемеден экинчи мекемеге барып отурбашы керек. Биз жарандардын жашоосун жакшыртууну жана мамлекеттик органдар тарабынан сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр болушун көздөйбүз. Анын пайдубалы жана башкы куралы “Түндүк” системасы болуп эсептелет. Бул жөн гана маалыматтык системаларды техникалык кошуу эмес, башкаруу чечимдерин кабыл алуу процессин киргизүү жана аларды электрондук форматка өткөрүү. “Түндүк” системасын киргизүү кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууну, аларды жогорулатууну жөнөкөйлөштүрүп, мамлекеттик органдардын бардык маалыматтык ресурстарына жеткиликтүүлүктү ачат”, - деп кошумчалады өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий