• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жаш гвардия бульварындагы отургучтар сырдалууда. "Тазалык" шаардыктарды сыр кургаганча отурбай турууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 03.08.18. /Кабар/. Жаш гвардия бульварында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары скамейкаларды сырдап жатышат, бирок шаар тургундары маданиятсыз жүрүм-турумдары менен алардын эмгегин текке кетиришүүдө.

Социалдык тармактарда ишкананын басма сөз катчысы Жибек Каракеева жарандарды түшүнүү менен мамиле кылып, отургучтардын сыры кургаганга чейин отурбай турууга чакырган.

“Биз учурда Жаш гвардия бульварындагы скамейкаларды жана таштанды челектерин иретке келтирип жатабыз. Скамейкалар сырдалган. Сураныч, сыр кургаганга чейин чыдап, отурбай туруңуздар. Сиздер коюп кеткен гезиттерди сыйрып, кайрадан сырдоого туура келип жатат”, - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий