• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков Владимир Путинге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 26.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-мартта, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Кемерово шаарынын соода борборундагы өрттөн улам көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Кемерово шаарындагы соода борборунда чыккан өрттөн улам көп адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн кааларымды билдирип коюуңузду Сизден өтүнөм. Орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында айтылган.

Пикир

Оставить комментарий