• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жээнбеков Өзбекстанда дамба жарылгандыгына байланыштуу Мирзиёевге колдоо сөздөрүн айтты

Президент 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Президентине Өзбекстан Республикасынын Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жарылып, суу каптаганына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтты.

Ошондой эле Президенттер коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча мындан ары биргелешкен чараларды жүргүзүү маселелери тууралуу пикир алмашты.

Мамлекет башчылары татаал мезгилде эки өлкө ортосундагы достук жана ак ниет коңшулук мамилелерден улам Кыргызстан менен Өзбекстандын бир тууган эли ар дайым бири-бирине колдоо көрсөтүп келишкендигин өзгөчө белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий