• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жээнбеков жумушчу сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат

Президент 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарын улантууда.

Мамлекет башчысы 12-13-август күндөрүндө жумушчу сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Жумушчу сапарынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр жай жана билим берүү объектилеринин ишмердиги менен таанышат. Ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы шарттарында ирригацияны жакшыртуу, ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий