• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбековдун Ржев шаарына белгиленген иш сапары эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот

Президент 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын Ржев шаарына 30-июнга белгиленген иш сапары мындан аркы эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Стамалиева билдиргендей, Ржев шаарына болгон иш сапардын алкагында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгон кыргыз жоокерлерине арналган эстеликти ачуу пландаштырылган.

“Бул иш сапардын болор-болбостугу Кыргызстан менен Россиядагы мындан аркы эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Москвадан кечээ, 24-июнда келди. Бишкекке учуп чыгардын алдында жана учуп келгенден кийин мамлекет башчысы жана делегация мүчөлөрү кайтадан анализ тапшырышкан. Москвада коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталган эки адамдан башкасынын анализдеринин жыйынтыктары таза чыкты.

Алардын абалы канааттандырарлык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта алар үй шартында обочолонуп, медиктердин кароосуда болот.

Анализдеринин жыйынтыктары таза чыккан президент жана делегациянын бардык мүчөлөрү обочолонуу менен алыстатылган тартипте иштеп жатышат”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий