• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жети-Өгүздүн Тамга айылында суу менен камсыздоо системасынын ачылышы болду

Аймак 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында суу менен камсыздоо системасынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти

Маалыматка ылайык, суу менен камсыздоо системасын куруу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, КР министрлер кабинетинин колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылган «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору тарабынан ишке ашкан.

Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев, Жети-Өгүз районунун администрациясынын башчысы-аким Мураталы Тагаев, долбоордун координатору Эрлан Корчубай уулу, АРИСтин өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Жаңы суу системасын курууда долбоордун алкагында жалпысынан 33 694 398 сомго төмөнкү иштер жасалган:

  • 140 метрлик скважинаны бургулоо;
  • резервуар жана тосмону куруу;
  • 11 чакырымдан ашык суу тартуучу түтүктөрдү куруу.

Жалпысынан айылдын 1674 жашоочусу таза суу менен камсыз болду.

Пикир

Оставить комментарий