• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жети-Өгүздөгү көлгө чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы көлгө 26-июнь күнү 15 жаштагы эркек бала чөгүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, 27-июнь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 19 куткаруучу, 10 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган. Натыйжа бербегендиктен саат 20:30да издөө иштери убактылуу токтотулган.

“Бирок жергиликтүү тургундар түн ичинде өз алдынча издеп жатып, маркумдун сөөгүн суудан көрүшүп, суучулдарга кайрылышкан. Саат 02:10дор чамасында суучулдар каза болгон баланын сөөгүн суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий