• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жыл башынан бери бажы мыйзамдуулугу чөйрөсүндө 743 бузуу табылган

Коом 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо бөлүнүштөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 743 факт табылган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алардын ичинен:

-бузуулардын бирдиктүү реестринде – 623 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 102 фактыга көп. Айып санкциялары жана товарлардын наркы – 4,3 млн. сом суммасына өндүрүлдү.

Бажы төлөмдөрү – 65,4 млн.сом суммасында төлөндү.

-кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде – 120 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25 фактыга көп.

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине келтирилген зыяндын орду – 31,5 млн. сомго толтурулду. Өлкөнүн мамлекеттик бюджетине кошумча түшүүлөрдүн суммасы – 101,2 млн. сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий