• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

16-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-февралда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында күндүз -2…-7 градус, Ысык-Көл облусунда -2…-7, Нарын -5…-10 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү температурасы -3…+2 градус болот.

Бишкек шаарында кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы күндүз -2…-4 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий