• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

2022-жылы Ош облусунун аймагында дээрлик 1,2 млн көчөт отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. 2022-жылы Ош облусунун аймагында 1 млн 188 миң көчөт отургузулду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик мекеме-ишканалар, жеке ишкерлер жана жергиликтүү тургундар тарабынан Ош облусунун аймагында 578 гектар жер аянтына, 204 чакырым негизги жол жээктерине жана социалдык обьектилердин айланасына 1 млн 188 миң 922 даана көчөт, 52 миң 853 даана гүл олтургузулду.

Пикир

Оставить комментарий