• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

21-июнга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 21-июнда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринда жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактаранда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Талас облусунда +20...+25, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарын облусунда+19...+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +27...+29 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий